БатМУнун ректору, Экономика илимдеринин доктору, профессор Айдарбек Гыязов Өзбек Республикасынын Фергана политехникалык институтунун транспорт түзүмдөрү кафедрасынын башчысы Хамитов Замирбек Мукторовичти кабыл алды.

Жолугушууда эки өлкөнүн жогорку окуу жайларынын ортосундагы достук мамилени, кызматташтыкты мындан ары да бекемдеп, өнүктүрүү, студенттердин жана окутуучулардын тажрыйба алмашуусун жакшыртуу багыттары боюнча сүйлөшүлдү. Ошондой эле жогорку билим берүү системасын өнүктүрүүнүн негизги милдеттери, студенттер менен окутуучулардын академиялык мобилдүүлүгү, эки тараптуу кызматташуунун артыкчылыктары талкууланды.

Белгилей кетсек, 2021-жылы БатМУ менен Фергана политехникалык институтунун ортосунда эки тараптуу меморандум түзүлгөн.

Бүгүн 24-мартта кызматташтыкты мындан ары да жакшыртуу, бекемдөө, өнүктүрүү максатында Өзбекстандык кесиптештер алып келген декоративдүү дарактардын көчөттөрү отургузулду. Декоративдүү дарактар өзгөчө кооздугу менен айырмаланып, кооз гүл ачып окуу жайдын айланасынын көркүнө көрк кошот.

Өлкөбүздө жүрүп жаткан “Жашыл мурас” өнөктүгүн колдоо максатында декоративдүү көчөттөрдү алып келген Фергана политехникалык институтунун транспорт түзүмдөрү кафедрасынын башчысы Замирбек Хамитовго терең ыраазычылык билдиребиз. – “Мындан ары да достугубуз, ынтымагыбыз бекемдеп, эки өлкөнүн ортосунда илим, билим аркылуу достукка чыйыр салган көпүрөө болуу менен өнүгүүгө биргеликте багыт алабыз”,-деди Өзбекстандык кесиптешибиз Замирбек Хамитов.

Кызматташуунун максаты, жаңычыл көз карашта ой жүгүрткөн, кошуна мамлекеттер менен достук мамилени бекемдей алган, жогорку этикалык жана моралдык сапаттарга ээ болгон, глобализация заманында өз алдынча туура чечим чыгара алган мыкты кадрларды биргеликте даярдоо болуп саналат.