2023-жылдын 22-25-март аралыгында БатМУ КГПИнин студенттери үчүн Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Германиянын айыл-чарба жана финансы консалтинг компаниясы (AFC) менен биргеликте “Жашыл экономика жана жеке секторду туруктуу өнүктүрүү” долбоорунун колдоосу менен конок лекциялар өтүлдү. Лекторлор долбоордун жетекчиси Торстен Свобода, айлана- чойрону коргоо илимдеринин доктору (Dr.nat.techn) Гульназ Жалилова Тажибаевна жана иш-чаранын демилгечиси БатМУ КГПИнин окуу-усулдук жана маалыматтык технологиялар бөлүмүнүн практика боюнча адис Даовлатова Феруза Муктаровналар болушту. Гулназ Жалилова 22-март күндөгү лекцияларында жашыл экономика жөнүндө түшүнүк жана анын Кыргызстан үчүн мааниси, жашыл айыл-чарбасын өнүктүрүү, циркулярдык экономика жана экосистемалардын кызматы боюнча маалымат берди. Көмүртек издери боюнча өтүлгөн лекцияга студенттер зор кызыгуу менен катышып, чоң талкуу болуп, суроолорду беришти.

Долбоордун жетекчиси Торстен Свободанын студенттерге 24-март күнү өткөн лекциясында Кыргызстандагы энергия булактары (Энергетические ресурсы в Кыргызстане), Кыргызстанда жашыл технологияларды колдонуу (Зеленые технологии), Кыргызстандын жашыл экономикага өтүү мүмкүнчүлүктөрү (Возможности перехода к зеленой экономике в Кыргызстане) багыттарында маалымат берип өттү.

Жалпысынан, конок лекциялар кызыктуу болгондугун, жогорку деңгээлде өтүлгөндүгүн студенттердин зор ынтаа менен катышкандыгынан байкоого болот.

Жыйынтыгында ар бир катышуучуга сертификат тапшырылды.