Окуу бөлүмү.
Сыдыков Баястан Абдиламитович
ээлеген кызматы:
Окуу – усулдук бөлүмүнүн башчысы.
БАТКЕН МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНИН
КЫЗЫЛ-КЫЯ ПЕДАГОГИКАЛЫК ИНСТИТУТУНУН
ОКУУ-УСУЛДУК Бөлүмү
Институттун структурасын педагогика факультети, гуманитардык факультети, сырттан жана аралыктан окутуу бөлүмү , орто кесиптик билим берүү бөлүмү түзөт.
Окуу бөлүм башчысы
Сыдыков Байастан Абдимиталипович
Институтта адистерди даярдоо күндүзгү (4 жыл) жана сырткы (5 жыл) бөлүмдөрдө, 3 тилде лекциялык жана семинардык сабактар жүргүзүлүп келет.
Азыркы күндө институтта 2 факультет, 4 кафедра, 2 бөлүм, 3 кафедра үзүрлүү иштеп жатышат. Институтта иш кагаздарын жүргүзүү AVN информациялык системасынын негизинде жүргүзүлөт.
Бакалавриат боюнча окутуу төмөндөгү факультеттерде жүргүзүлөт:
Педагогика факультети
Физика-математикалык билим берүү багыты (адистиги)
- Физика профили
- Математика профили
- Информатика профили
Табигый-илимий билим берүү багыты (адистиги):
- Биология профили
Педагогика багыты (адистиги): |
- Педагогика профили
Гуманитардык факультет
Филологиялык билим берүү багыты (адистиги)
- Кыргыз тили жана адабияты профили
- Орус тили жана адабияты профили
- Англис тили профили
Гуманитардык илимдер багыты (адистиги):
- Дене тарбия профили
Кесиптик орто билим берүү бөлүмү
- Башталгыч класстарды окутуу
- Социалдык педагогика
- Колдонмо информатика
- Мектепке чейинки билим берүү
Илимий педагогикалык жамаат жана комокчу кызматкерлер жөнүндө маалымат
Институтта бүгүнкү күндө 98 окутуучу жана 39 жардамчы кызматкерлер, алардын ичинде: 2 илимдин доктору, профессору, 14 илимдин кандидаттары, доценттери, 18 улук окутуучу, 80 окутуучу, 23-АЧБ үзүрлүү эмгектенүүдө.
Студенттердин контингенти
Кесиптик жогорку билим берүүдө бардыгы болуп 3007 студент билим алууда, анын ичинен: күндүзгү бөлүмдө – 785, булардын ичинен 263 бюджеттик негизде, 522контрактык негизде, 1419 дистанттык негизде “Кесиптик орто билим берүү” бөлүмүндө 803 студент, анын ичинен 500 күндүзгү, ал эми 303 сырткы бөлүмдө билим алышат.
581 студент – алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдүн атуулдары.
Материалдык-техникалык базасы
Китеп фондусу 64 000 даана китептен турат. Мындан сырткары 2 абономенттик жана 132 орундуу 4 окуу залы бар. Пушкин китепканасы грант негизинде утуп алынган 7000 АКШ долларлык 2310 нуска китептерден турат;
5 жабык спорт зал гимнастикалык, атлетикалык, тренажорный зал, волейбол, оор атлетика жана теннис залдары;
5 спорт аянтчасы жана футбол талаасы даярдалып, иш алып барылууда.
5 компьютердик класс интернет тармагына туташтырылган.
Илимий иштер
Илимий-изилдөөлөрдүн тематикасы – Кыргызстандын Түштүк-Батыш регионунун маселелери менен түздөн-түз байланышкан: региондун этнографиялык, этнопедагогикалык, тарыхый-аймак таануучулук маселелери, үрп-адаттары, фольклору, флорасы, фаунасы изилденүүдө.
Илимий изилдөөлөрдүн натыйжасында 2000-2020 жылдар аралыгында институтта 2 докторлук, 30 кандидаттык диссертациялар корголгон.