БатМУнун ректору, э.и.д., профессор А.Т.Гыязов К.Минин атындагы Нижний Новгород мамлекеттик педагогикалык университетинин студенттери менен жолугушуп, визиттик профессор катары «Кыргыз-орус кызматташтыгынын Кыргыз Республикасынын экономикасына тийгизген таасири» жана «Билим берүү чөйрөсүндө жогорку сапаттагы адам капиталын калыптандыруу» деген темаларда 2 күн бою конок лекция окуду.
Соңунда лекцияга активдүү катышкан алгачкы үч студентти академиялык мобилдүүлүк боюнча Баткен мамлекеттик университетине жөнөтүү чечими кабыл алынды.