- Кафедранын тарыхы, максаты жана милдеттери
Социалдык жана гуманитардык илимдер кафедрасы 2009-жылдын 1-октябрында №12/1 §6 буйругунун негизинде “Кесиптик дисциплиналар” секциясы түзүлгөн. Секция башчысы болуп Ч.А.Мадиярова, андан кийин 2012-жылдын 1-сентябрынан Б.Исманалиева жетектеген. 2017–жылдын 1-сентябрынан секциянын аталышы “Гуманитардык илимдер” кафедрасы деп өзгөрүп, кафедра башчысы кызматына Х.Р.Таиров дайындалган. 2021 – жылдын 15-сентябрындагы БатМУнун ректору э.и.д., профессор А.Т.Гыязовдун буйругуна ылайык педагогика жана психология кафедрасынын сааты көп болгондугуна байланыштуу “Социалдык педагогика” адистиги гуманитардык илимдер кафедрасына өтүп, “Социалдык жана гуманитардык илимдер” кафедрасы түзүлгөн. Учурда кафедраны Жунусова Гулназа Абсатаровна жетектейт. “Социалдык жана гуманитардык илимдер” кафедрасы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик билим берүү стандартына ылайык
550711 – Социалдык педагогика адистигин тейлейт жана адис катары студенттерди даярдап чыгарат. 550711 – Социалдык педагогика адистиги боюнча адистерди даярдоонун билим берүү жана тарбиялоо жаатындагы негизги билим берүү программасындагы жогорку кесиптик билим берүүнүн максаты ааламдашуу доорунун шарттарында компетенттүүлүккѳ багытталган үзгүлтүксүз билим берүүнүн кесиптик милдеттерин чечүүгѳ жѳндѳмдүү педагогдорду даярдоо саналат. Аталган адистиктеги студенттерге окуу планында көрсөтүлгөн дисциплиналар боюнча билим берилип, окуу, педагогикалык жана мамлекеттик практикалар уюштурулат. Мындан сырткары “Социалдык жана гуманитардык илимдер” кафедрасында башка адистиктерге да кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты, эне тил, эне тилин окутуунун теориясы жана методикасы, чет тили, манас таануу, философия, укук таануу, дүйнөлүк жана Ата-Мекендин маданияты, балдар адабиятын көркөмдөп окутуу, балдар кебин өстүрүү предметтеринен билим берилет. Азыркы учурда кафедрада окутуучулук курамдын саны 14тү түзөт. Алар жөнүндө толук маалымат төмөнкү кафедранын штаттык формулярында көрсөтүлөт:
“Социалдык жана гуманитардык илимдер” кафедрасынын
2021-2022-окуу жылына карата штаттык формуляры:
Жалпы: кафедра башчысы – 1, окутуучу – 13, иш жүргүзүүчү – 1 эмгектенүүдө.
Социалдык жана гуманитардык илимдер кафедрасы “Социалдык педагогика” адистигинде окуган студенттер окуу планына ылайык окутуунун күндүзгү бөлүмүндө 9 базасы менен 2 жыл 10 ай, 11 базасы менен 1 жыл 10 ай, ал эми сырткы бөлүмүндө 11 базасы менен 2 жыл 6 ай окуп билим алгандан соң, бүтүрүү мамлекеттик аттестациялык экзамендерин тапшыруу уюштурат. Ошондой эле студенттерибиз үчүн атайын орто билимдүү дипломго ээ болгондон соң, өзүбүздүн эле институттун ичинде социалдык педагогика жана башталгыч билим берүүнүн педагогикасы жана методикасы профилине окууга тапшырып жогорку бакалавр дипломун алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.
2. Кафедранын окуу жана окуу-усулдук иштери.
№ | Окутулуучу предметтердин аталышы | Предметтерди окуган тайпалар |
1 | Кыргыз тили | КИ, МЧББ, СП, П, ПС, МЧББС, СПС |
2 | Кыргыз адабияты | КИ, МЧББ, СП, П, ПС, МЧББС, СПС |
3 | Орус тили | КИ, МЧББ, СП, П, ПС, МЧББС, СПС |
4 | Дүйнөлүк адабият | КИ, МЧББ, СП, П, ПС, МЧББС, СПС |
5 | Чет тили | КИ, МЧББ, СП, П, ПС, МЧББС, СПС |
6 | Кыргызстан тарыхы | КИ, МЧББ, СП, П, ПС, МЧББС, СПС |
7 | Дүйнө тарыхы | КИ, МЧББ, СП, П, ПС, МЧББС, СПС |
8 | Адам жана коом | КИ, МЧББ, СП, П, ПС, МЧББС, СПС |
9 | Аскерге чейинки даярдык | КИ, МЧББ, СП, П, ПС, МЧББС, СПС |
10 | Кыргыз тили жана адабияты | КИ, МЧББ, СП, П, ПС, МЧББС, СПС |
11 | Манас таануу | КИ, МЧББ, СП, П, ПС, МЧББС, СПС |
12 | Эне тили | КИ, МЧББ, СП, П, ПС, МЧББС, СПС |
13 | Философия | КИ, МЧББ, СП, П, ПС, МЧББС, СПС |
14 | Укук таануу | КИ, МЧББ, СП, П, ПС, МЧББС, СПС |
15 | Социалдык педагогика | СП, СПС |
16 | Эне тилин окутуунун усулу | МЧББ, СП, П, ПС, МЧББС, СПС |
17 | Балдар адабияты жана көркөмдөп окутуу | МЧББ, СП, П, ПС, МЧББС, СПС |
18 | Социалдык психология | МЧББ, СП, П, ПС, МЧББС, СПС |
19 | Эне тилин окутуунун теориясы жана методикасы | МЧББ, СП, П, ПС, МЧББС, СПС |
20 | Социалдык педагогиканын тарыхы | СП, СПС |
21 | Тарбия иштеринин усулу жана этикасы | СП, СПС |
22 | Окуу практикасы | СП, СПС |
23 | Психологиялык, педагогикалык практикум | СП, СПС |
24 | Дүйнөлүк жана Ата-Мекендин маданияты | |
25 | Өспүрүм балдарга кошумча билим берүү мекемелеринин социалдык ролу | СП, СПС |
26 | Социалдык педагогикалык ишмердүүлүктөгү кесиптик талаптар | СП, СПС |
27 | Педагогикалык практика | СП, СПС |
28 | Адабиятты окутуунун усулу жана теориясы | МЧББ, СП, П, ПС, МЧББС, СПС |
29 | Билим беруунун методикасы жана теориясы | СП, СПС |
30 | Мамлекеттик практикасы | СП, СПС |
31 | Балдар кебин өстүрүүнүн усулу | МЧББ, СП, П, ПС, МЧББС, СПС |
32 | Эне тилин окутуунун усулу боюнча МАКка обзордук лекция | МЧББ, СП, П, ПС, МЧББС, СПС |
Эскертүү: Жогорудагы кыстартылып жазылган тайпалардын толук аталышы
- КИ – колдонмо информатика (кундүзгү бөлүм)
- МЧББ – мектепке чейинки билим берүү (кундүзгү бөлүм)
- СП – социалдык педагогика (кундүзгү бөлүм)
- П – башталгыч класстарды окутуу (педагогика), (кундүзгү бөлүм)
- ПС – башталгыч класстарды окутуу (педагогика), (сырткы бөлүм)
- МЧББС – мектепке чейинки билим берүү (сырткы бөлүм)
- СПС – социалдык педагогика (сырткы бөлүм)
- Кафедранын окутуучуларынын илимий-изилдөө иштери
Кафедрада төмөнкүдөй багытта илимий-изилдөө иштери жүргүзүлөт:
- Аспиранттар жөнүндө маалымат
2021-2022-окуу жылында кафедранын төмөнкү окутуучулары Бишкек шаарынды аспирантурага тапшырып окуп жатышат. Алардын илимий темасы жана жетекчилери бекитилген.
№ | Аспиранттардын Ф.А.А. | Илимий темасы | Илимий жетекчилери |
Таиров Хайриддин Рахманалиевич | Кадамжай районунун тарыхы | т.и.д., профессор Каратаев Олжобай Кубатбекович | |
Атабекова Бактыгүл Яхияевна | Кыргыз тилин окутуп, үйрөтүүдө студенттердин маданият аралык компетенттүүлүгүн калыптандыруунун дидактикалык негиздери. (мектептерде окутуунун мисалында) | п.и.д., профессор Сыдыкбаева Мира Медеркуловна |
Кафедранын окутуучуларынын сабак учурунан фото отчеттор
5. Кафедранын дареги:
Кызыл-Кыя шаары, Кыргизская көчөсү, КГПИнин 3-корпусу, 2-кабат 205-каана.