2016-жылдын 26-августунда Аспирантура, магистратура жана мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү болуп ачылган.
2017-жылдын 1-сентябрында Аспирантура, доктарантура жана магистратура бөлүмү болуп өзгөртүлгөн.
2021-жылдын 10-мартында Илим жана магистратура бөлүмү болуп өзгөртүлгөн.
2021-жылдын 1-сентябрында Магистратура бөлүмү болуп өзгөртүлгөн.
2022-жылдын 1-сентябрында Магистратура жана аспирантура бөлүмү болуп өзгөртүлүп, бул бөлүмдү б.и.к. доценттин м.а. Момунова Гүлзат Ачыловна жетектеп келүүдө.
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2020-жылдын 29-декабрындагы №1101/1 буйругуна ылайык, КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин Лицензиялоо боюнча Кеңешинин чечиминин негизинде, 2020-жылдын 28-декабрындагы №19-2 протоколуна ылайык Кесиптик билим берүү программалары (магистратура) күндүзгү окуу формасы боюнча №D2019-0017 №2 кошумча лицензия алынган.
КР ББжИМнин 2022-жылдын 23-ноябрындагы №2505/1 буйругунун негизинде жогорку кесиптик билим берүү программалары (магистратура) сырткы окуу формасы боюнча №D2019-0017 лицензиясына №3 кошумча лицензия берилип, төмөндөгү магистрдик программанын багыттарын даярдоого уруксат берилген:
- 550700 – Педагогика;
- 550100 – Табигый илимий билим берүү.
- 550200 – Физика-математикалык билим берүү;
- 550300 – Филологиялык билим берүү;
- 550400 – Социалдык-экономикалык билим берүү;
2021-2022-окуу жылында күндүзгү окуу бөлүмүнө 74, 2022-2023-окуу жылында күндүзгү окуу бөлүмүнө 10, сырттан окуу бөлүмүнө 41 магистрант кабыл алынган.
Бүгүнкү күндѳ аталган бѳлүмдѳ 25 профессордук-окутуучулар иштеп, жалпы 125 магистрант окуп, илимий изилдөө иштерин жүргүзүп келүүдө.