Университеттин ректору, э.и.д., профессор А.Т.Гыязовдун тапшырмасы менен, “Тышкы байланыштар жана өнүктүрүү” боюнча проректору Абдипатта уулу Жумабек, Эйип Бейез жана Орозов Бекболот тарабынан synak.batmu.kg системасы иштелип чыгып, олимпиада электрондук форматта өткөрүлдү. Олимпиадага жалпысынан 16 предмет жана 7 адистик боюнча 211 студент катышты.Олимпиаданын максаты студенттерди илимге, билимге кызыктыруу, алдыңкы сапаттуу кадрларды даярдоо жана студенттер арасындагы ынтымакты бекемдөө болуп саналат. Олимпиаданы БатМУнун илим жана уюштуруу иштери боюнча проректору, биология илимдеринин кандидаты, доцент Саматова Абиба Абдиламитовна ачып, катышуучуларга ийгилик каалоо менен, байгелүү 1-2-3-орундарга жетишкен студенттер, Түштүк региондогу ЖОЖ арасында өтө турган аймактык олимпиадага катышууга жолдомо алышаарын айтып өттү.