2024-жылдын 25-июнунда Баткен мамлекеттик университетининлимий техникалык кеңешинин акыркы отуруму. Отурумду Илимий техникалык кеңештин төрайымы биология илимдеринин кандидаты, доцент, Саматова Абиба Абдиламитовна алып барды. Отурумдун күн тартибинде 3 маселе каралды; Ички илимий долбоорлордун жарым жылдык отчету; КР ББИМги каржылаган илимий долбоорлордун жарим жылдык отчету; Окуу түзүмдүк бөлүмдөрдүн, 2024-жылдын жарым жылдыгыбоюнча, илимий отчеттору кабыл алынып, учурдагы илимий изилдөө иштеринин негизги аспектилери талкууланды.Эскерте кетсек 2024-жыл үчүн Баткен мамлкеттик университетинин ички каржылоосунун негизинде 5 илимий долбоор ишке ашып жатат.“Кыргызстандын түштүк-батыш аймагындагы кыргыздардын салттуу билимдери” (Бабалардын мурасы) – илимий жетекчиси, физика- математика илимдеринин доктору, профессор Тайиров Миталип Муратович;“Баткен районундагы археологиялык изилдөөлөр” – илимий жетекчиси, тарых илимдеринин кандидаты, профессор, Кадыров Абдинаби Аззамбаевич;”Баткен районунун стратегиялык өнүгүүсү санарип жана жашыл экономика шартында”– илимий жетекчиси, Абдипатта уулу Жумабек. “Баткен чөлкөмүндөгү жер-суу жана айрым географиялык аталыштарды изилдөө” – илимий жетекчиси, тарых илимдеринин кандидаты, доцент Шеров Шайырбек Бийжанович;“Баткен регионунун диалектикасын изилдөө” – илимий жетекчиси, филология илимдеринин кандидаты, доцент, Кошматова Жылдыз Жанышбаевна;Ар бир жүргузүлүп жаткан илимий долбоорлорго өзгөчө көңүл бурулуп, келечектеги изилдөө программалары үчүн жаңы идеялар жана концепциялар сунушталды.Талкуунун жүрүшүндө илим изилдөөчүлөрдүн кандай кыйынчылыктарга дуушар болуп жаткандары аныкталды. Аларды чечүү стратегиялары, анын ичинде көбүрөөк эксперимент жана маалыматтарды талдоо зарылдыгы сунушталып, натыйжаларды жакшыртуу үчүн акыркы технологияларды жана ыкмаларды колдонуу да талкууланды.Ошондой эле отурумда, уюштуруучулук жана административдик мүнөздөгү маселелер боюнча талкуу жүрүп, анын ичинде кийинки жылга финансылык бюджетти пландаштыруу, ресурстарды бөлүштүрүү жана Баткен облусун өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын жана аларды илимий байланыштар менен бекемдөө боюнча чечимдер кабыл алынды.