Археология байыркы маданияттарды жана экспонаттарды изилдөө гана эмес, бул адамзат тарыхындагы чыныгы окуяларды чагылдыруучу илим.Ар бир казуу, ар бир табылга биздин өткөнүбүздүн жаңы жактарын ачат жана бүгүнкү күнгө кантип жеткенибизди жакшыраак түшүнүүгө жардам берет.Баткен мамлекеттик университетинин, ички каржылоосунун негизинде, тарых илимдеринин кандидаты, профессордун милдетин аткаруучу, Кадыров Абдинаби Аззамбаевичтин жетекчилигинде “Баткен районундагы археологиялык изилдөөлөр” – деген темадагы илимий долбоор старт алды. Археологиялык казуулар Баткен облусунун, Баткен районунун Самаркандек айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл Кошуун аймагында жүруп жатат. Убакыт жана мейкиндик боюнча кызыктуу саякат үчүн бизге кошулуңуз! Укмуштуудай ачылыштар, унутулган цивилизациялардын сырлары жана археология дүйнө жөнүндөгү түшүнүгүбүздү кандайча өзгөртүп жаткандыгы жөнүндө билип алыңыз.Археология дүйнөсүндөгү кызыктуу табылгалар жана акыркы ачылыштар жөнүндө көбүрөөк билүү үчүн биз менен бирге болуңуз.