Мен Абийбиллаева Нагимай Баткен мамлекеттик университетинин Кызыл-Кыя технолгия, экономика жана укук институтунун “Экономика, педагогика жана инженердик технологиялар” факультетинин Дизайн адистигинин 1-курсунун студенти катары 2024-жылдын 7-14-май аралыгында Кытай Эл Республикасынын Чжухай шаарындагы Пекин педагогикалык университетинин Дизайн факультетине академиялык мобилдүүлук боюнча барып келдим.Бул программага Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардан ОшМУнун, БатМУнун Бишкек технологиялык университетинин, НарМУнун, ЫМУнун болуп беш студент жана төрт мугалим катыштык. Программанын алкагында Кытай Эл Республикасынын көптөгөн шаарларында жана окуу жайларында болдук. Мен үчүн бул программага катышуу абдан кызыктуу жана эсте каларлык болду. Мага ушундай шартты түзүп берген БатМУнун ректору э.и.д., профессор А. Гыязовго, БатМУ КТЭУИнин директору т.и.к., профессор С.Зулпиевге, БатМУнун уюштуруу, тарбия жана жаштар департаментинин башчысы А.Кунназаровго терең ыраазычылык билдиремин.