2024-жылдын 15-ноябрында Баткен мамлекеттик университетинин М.М.Тайиров атындагы Кызыл-Кыя гуманитардык-педагогикалык институтунда Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына, Баткен областынын уюштурулгандыгынын 25 жылдыгына жана Баткен мамлекеттик университетинин Кызыл-Кыя гуманитардык-педагогикалык институтунун негиздөөчүүсү, Жаратылыш ресурстарын пайдалануу жана жаңы технологиялар илим изилдөө институтунун директору, физика-математика илимдеринин доктору, профессор Тайиров Миталип Муратовичтин 70 жылдыгына арналган «Санариптешүү мезгилиндеги физика илиминин актуалдуу маселелери жана окутуу технологиялары» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү.
Конференцияга КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ж.М.Исаков, Кызыл-Кыя шаарынын мэри А.Ж.Маткалыков, жогорку окуу жайлардын ректорлору, Улуттук илимдер академиясынын илимпоздору, Кыргызстандагы ЖОЖдордун окумуштуулары, Казакстан, Өзбекстан жана Россия өлкөлөрүнүн жогорку окуу жайларынанын келген илимдин докторлору, кандидаттары, изилдөөчүлөрү, окутуучулары катышып, жогорку деңгээлде уюштурулду.
Иш-чара окуу-инновациялык борбордун жаңы имаратын куруу үчүн капсула салуу менен башталды. Конференциянын салтанаттуу ачылышында модератор БатМУнун ректору, экономика илимдеринин доктору, профессор Гыязов Айдар Токторович куттуктоо сөзүн айтып, конокторду тааныштырып, конференциянын ишине ийгилик каалады. Андан соң профессор М.М.Тайировдун өмүр таржымалын, илимий ишмердүүлүгүн чагылдырган видео тасма көрсөтүлдү. Келген коноктор куттуктоо сөздөрүн айтышып, Миталип Муратовичтин өрнөктүү өмүр жолунун урунттуу учурларын, адамдык, жетекчилик сапаттарын, илим жолундагы күжүрмөн эмгектерин, республикабыздын окумуштуулары менен гана эмес, Россиянын, Казакстандын жана Өзбекстандын илимий коомчулугу менен бекем байланыш түзө алган чыгаан илимпоздун, өлкөбүздүн түштүк-батыш чөлкөмү үчүн педагогикалык, гуманитардык жааттагы кадрларды даярдоодо опол тоодой салым кошкондугун баса белгилешип, профессорго мындан ары да ийгиликтерди каалап, символикалуу белектерин ыйгарышты.
Пленардык жыйында төмөнкү илимпоздордун баяндамалары угулду:
Жумагулова Алина Бакытжановна – Көз карандысыз акредитация жана рейтинг агентигинин генералдык директору, Казакстан Республикасы, Астана шаары, юридика илимдеринин кандидаты. «НААР-Кыргыз Республикасында билим берүүнүн сапатын камсыздоочу драйвер».
Шункеев Куанышбек Шункеевич – К.Жубанов атындагы Актобе аймактык университети, Актобе шаары, Казахстан Республикасы, физика жана математика илимдеринин доктору, профессор. «KCl-Na кристаллындагы натрий талаасынын радиациялык деффекттерди жана экситон сымал дүүлүгүүлөрдү стабилдештирүүсүнүн эффективдүүлүгү».
Жуманов Сафарали – Өзбекстан Республикасынын Илимдер академиясы, Ташкент шаары, Өзбекстан Республиксы, физика жана математика илимдеринин доктору, профессор, башкы илимий кызматкер, «Чоң радиустагы кошулмалар киргизилген La-га негизделген купраттардагы металл/жогорку өткөргүч – диэлектрик өтүүлөрдүн айрымачылыктары».
Каратаев Олжабай Кубатбекович, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, Бишкек шаары, Кыргыз Республикасы, тарых илимдеринин доктору, профессор, «Фергана өрөөнүнүн калкынын улуттук курамы: кыргыздар (XIX кылымдын II жарымы – ХХ кылымдын 1-чейреги)».
Конференциянын экинчи бөлүгүндө 5 секцияда илимпоздордун баяндамалары окулуп, талкууланды.
Жыйынтыгында конференциянын резолюциясы кабыл алынып, мыкты жазылган илимий макалаларга сертификаттар ыйгарылды.