Баткен мамлекеттик университетинин атынан сиздерге өсүп-өнүгүү жана медициналык билим берүү менен илимде жаңы жетишкендиктерди жаратууну чын дилибизден каалайбыз.

Медициналык Академия Кыргыз Республикасындагы алдыңкы медициналык университет катары көп жылдар бою билимдин, кесипкөйлүктүн жана гуманизмдин тиреги болуп келген. Сиздер тарбиялап жаткан мыкты дарыгерлер менен изилдөөчүлөр коомубуздун ден соолугун жана бакубаттуулугун арттырууда баа жеткис салым кошуп жатышат. Алдыда дагы жаңы ийгиликтер, инновациялар жана маанилүү ачылыштар болуп, алар Кыргызстан жана бүт дүйнө үчүн кызмат кылат деп ишенебиз!