Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктайбыз!Бүгүн биздин өлкөбүз көз карандысыздыгынын 33 жылдыгын белгилеп жатат – бул Кыргызстан тарыхындагы маанилүү дата.
Бул маанилүү күндө биз элибиздин жетишкендиктерин, эркиндикке, суверенитетке жана демократиялык баалуулуктарга умтулушун даңктайбыз.Баткен мамлекеттик университети коомубуздун өнүгүүсүнө салым кошуп, жаңы муундагы таланттуу, билимдүү жана мекенчил жарандарды тарбиялаганы менен сыймыктанат. Биз биргеликте өлкөбүздүн гүлдөп-өнүгүүсүнө жолтоо болгон бардык кыйынчылыктарды жана тоскоолдуктарды жеңип чыга алаарыбызга ишенебиз.Өлкөбүздүн өсүп-өнүгүүсү бекем болуп, ар бир жараны бактылуу, дени сак жана ийгиликтүү болсун.
Биз тарыхыбыз менен сыймыктанабыз жана келечекке оптимизм менен карайбыз!Майрамыңыздар менен, урматтуу мекендештер!
Урматтоо менен, Баткен мамлекеттик университетинин жалпы жамааты