БатМУнун А. А. Машрабов атындагы Сүлүктү гуманитардык-экономикалык институтунда 100 орундуу балдар бакчасынын ачылышы болду.
Аземге Баткен Мамлекеттик Университетинин ректору, э.и.д, профессор Айдарбек Гыязов, Сүлүктү шаарынын мэри жана бала бакчанын кызматкерлери, ата-энелер катышты.
Айдарбек Гыязов билим-тарбия берүү бала бакчадан башталаарын белгилеп, Баткен Мамлекеттик Университети билим берүү жаатында бардык аракеттерди көрүп жаткандыгын айтты. Аны менен катар эле бала бакчага белектерин тапшырды. Эскерте кетсек Сүлүктү шаарында 30 пайыз гана балдар бала бакчага тартылган.
“Нукура” балдар бакчасынын ачылышы менен аймактагы балдардын бакчага баруу мүмкүнчүлүгү жогорулады. Бакчада бөбөктөр үчүн бардык шарттар түзүлдү. Сабактарды жана обндарды өткөрүү үчүн бөлмөлөр, кийим алмаштыруучу жайлар, ашкана, музыкалык зал, медициналык кабинет, жана оюн аянтчалары камтылган.