Көз карандысыз аккредитациялоо жана рейтинг агенттиги (IAAR) – КМШ өлкөлөрүндө билим берүүнүн сапатын камсыздоо боюнча алдыңкы эл аралык уюм. Бул агенттик жыл сайын жогорку окуу жайлар жана алардын окумуштууларынын көрсөткүчтөрүн эске алып, рейтинг түзүп келет.
2024-жылдын жыйынтыгы боюнча, БатМУнун илимий изилдөөчүлөрү жогорку орундарга ээ болушту:
- Тайиров Миталип Муратович – 7-орун,
- Гыязов Айдарбек Токторович – 11-орун.
Илимий жетишкендиктери:
- Тайиров М.М., физика-математика илимдеринин доктору, профессор – 220дан ашык илимий макаланын автору, индекс Хирша – 7.
- Гыязов А.Т., экономика илимдеринин доктору, профессор – 2 кандидаттык диссертацияны коргоого жетектеген, 150 илимий макала жазган, алардын 16сы Scopus базасында жарыяланган, индекс Хирша – 5, 16 монография, 4 патенти бар.
БатМУнун эмгек жамааты урматтуу Миталип Муратовичти жана Айдарбек Токторовичти ийгиликтери менен куттуктайт!