Буга чейин жатакананын имараты эскилиги жеткендигинен студенттер үчүн ыңгайсыздык жаратып келген.
Учурда заман талабына ылайык шарттар түзүлгөн. Аземге катышкан БатМУнун ректору, э.и.д, профессор Гыязов Айдарбек Токторович жатаканадан кабар алып, студенттер үчүн зарыл болгон шарттарды түзүү окуу жайдын негизги милдеттеринин бири экенин баса белгиледи.