2024-жылдын 1-октябрында Кыргызстандан барган ЖОЖдордун делегациясы Гамбург университетинин Энергетикалык борборуна саякат жасады. Борбордо энергияны сактоонун алдыңкы ыкмалары менен таанышып, анын ичинде суутек түрүндөгү энергияны сактоо да бар. Өндүрүштөн чыккан ашыкча жылуулукту борбордук жылуулук системага кошуу, кайра жаралуучу энергиянын булактарын изилдөө борбору менен кеңири маалымат алышты. Энергияны сактоо технологияларынын өнүгүшү таза жана кайра жаралуучу энергия булактарын колдонууга чоң кадам болуп саналат. Келечектеги энергетика – бул энергияны натыйжалуу сактоого жана керектүү учурда пайдаланууга мүмкүндүк берүүчү туруктуу система.