2024-жылдын 30-сентябрында Германиядагы Гамбург Колдонмо Илимдер Университетинде Европа Биримдигинин ERASMUS+ программасынын алкагында GREENKG долбоору боюнча “Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсү үчүн Жашыл жана Санарип Университеттер” аттуу окутуу семинары башталды.
Катышуучуларды HAW университетинин вице-президенти, профессор Питер Вульф тосуп алды. Андан кийин Moodle колдонуу, туруктуу өнүгүү маселелери боюнча изилдөөлөр жүргүзүү жана тармактарды түзүү мүмкүнчүлүктөрү тууралуу лекциялар окулду. Биринчи күн профессор Марина Троппман менен университеттер үчүн жашыл жана санариптик кеңселерди түзүү боюнча тапшырмаларды талкуулоо менен жыйынтыкталды.
Иш сапар чыгымдары Erasmus+ долбоорунан каржыланды.