Баткен мамлекеттик университети Ош шаарында өтүп жаткан “Түштүк ЭКСПО-2024” көргөзмө-жарманкесине катышты. Көргөзмөгө студенттердин туризм, айыл чарбасы, билим берүү жана спорт тармагы боюнча стартаптары коюлду. VIII Эл аралык универсалдуу “Түштүк ЭКСПО-2024” көргөзмө-жарманкеси экспонент-компаниялар жана катышуучулар үчүн ишкер байланыштарды түзүүдө, товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн жаңы экспорттук-импорттук рынокторун ачууда, инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча өнөктөштөрдү издөөдө жана биргелешкен ишканаларды түзүүдө натыйжалуу бизнес-аянтча болуп келет.