01.10.2024-ж Баткен мамлекеттик университетинин базасында ректор э.и.д, профессор Гыязов А.Т. жана Кыргызпатенттин Интеллектуалдык менчик Мамлекеттик Фондунун директору Токтогулов А.А ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде “Технологояларды жана инновацияларды колдоо” борбору ачылды. Аталган борбордо – эл аралык патенттик базаларга кирүү мүмкүндүгү – ойлоп табуулар боюнча патент таануучуларды даярдоо- товардык белгилер боюнча патенттик ишенимдүү өкүлдөрдү даярдоо- интеллектуалдык менчик жаатындагы электрондук китепкана- инновацияларды өнүктүрүү боюнча техникалык, технологиялык колдоо кызматтары көрсөтүлөт.Борбордун ачылуу аземине Кыргызпатенттин интеллектуалдык менчик Мамлекеттик фондунун директорунун орун басары Муктаров Т.К, Баткен мамлекеттик университетинин биринчи проректору Миралы кызы Анара, Кыргызпатенттин түштүк аймактар аралык бөлүмүнүн башчысы Ибрагимов Б.Б, БатМУнун ректорунун атайын өкүлү Артыкбаев Г.У катышышты. Борбордун координатору болуп Кунназаров Айбек Ысмайылович дайындалды.