2024-жылдын 28–30-ноябрында Баткен мамлекеттик университетинин ректору Айдар Гыязов Токторович Тверь мамлекеттик университетинин (Экономика жана башкаруу институту, экономикалык теория кафедрасы) чакыруусу менен “Россиянын социалдык-экономикалык өнүгүү траекториясы: убакыт менен мейкиндиктеги категориялык императив” аттуу IV Эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышты.
Конференциянын алкагында ректор БатМУнун илимий жетишкендиктерин жана демилгелерин тааныткан баяндама жасады. Иш-чарадан кийин Тверь мамлекеттик университетинин студенттери менен жолугушуу өтүп, ал жылуу жана жемиштүү атмосферада болду.
Иш-чаранын маанилүү окуяларынын бири Баткен мамлекеттик университети менен Тверь мамлекеттик университетинин ортосунда эки тараптуу кызматташтык келишимине кол коюу болду. Бул келишим академиялык жана илимий байланыштарды өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.
Баткен мамлекеттик университети жыл сайын Россия Федерациясындагы алдыңкы университеттер менен байланышын бекемдеп, эл аралык кызматташтык географиясын кеңейтүүдө. Университеттин жетекчилиги Тверь мамлекеттик университетинин администрациясына жана уюштуруучуларына жылуу кабыл алуусу жана конференциянын жогорку деңгээлде уюштурулушу үчүн ыраазычылык билдирет.