БатМУнун ПРОФЕССОРУ КАДЫРОВ АБДИНАБИ АЗАМБАЕВИЧТИН ИЛИМИЙ-ИЗИЛДӨӨЧҮЛҮК ИШИ ЖАНА ЖАРЫК КӨРГӨН ЭМГЕКТЕРИ ЖӨНҮНДӨ Жакында, 11-ноябрда БатМУда өткөн Илим күнүндө Абдинаби Азамбаевичтин “Байманалуу Баткен: тарых жана маданият” жана “Баткен шаары: тарых жана келечек” аттуу эки илимий эмгегинин бет ачары болду. Бул эмгектер Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана Баткен облусу менен шаарынын түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына арналганын белгилеп кетүү керек. Бул эмгектерде Баткен аймагына терең илимий талдоо жүргүзүлүп, анын тарыхы, маданияты, салттары, экономикасы, өнөрмандары жана саясий инсандары кеңири чагылдырылган. Аймактын тарыхый жана маданий мурастары менен таанышууда кен казуу, темир иштетүү жана байыркы ташка чегилген сүрөттөр – петроглифтер маанилүү орунду ээлейт. Баткендеги бул темалар боюнча окумуштуу А.Кадыровдун изилдөөлөрүндө кеңири таанышууга болот. Анын изилдөөлөрүнөн ар түрдүү доорлорго таандык кен иштетүү жана металлургиянын өнүгүү деңгээлин көрүүгө болот. Мындан тышкары, кен иштетүү Кыргызстандын аймагында эң алгач Баткенде башталганын А.Кадыровдун изилдөөлөрү көрсөтөт. Мунун айкын мисалы – Баткендеги Кан-и-Гут кени боюнча анын изилдөөсү. Жергиликтүү кен байлыктарынын казылышы ошол кездеги коом үчүн экономикалык мааниге ээ болуп, бул кол өнөрчүлүктүн жана сооданын өнүгүшүнө түрткү болгон. А.Кадыровдун изилдөөлөрүнөн Баткенден өндүрүлгөн кен байлыктар Багдадга чейин ташылып сатылып турганы белгилүү. Мындан тышкары, аталган эмгекте автор Баткен петроглифтери боюнча кеңири токтолгон. Бул таш чийимдери аймактын байыркы калкынын дүйнө таанымын, жашоо образын жана ишмердүүлүгүн кеңири чагылдырат. Петроглифтерде аңчылык, жашоо тиричилик жана жаратылышка байланыштуу символдор камтылган.
Бул багыттагы изилдөөлөрдү А.Кадыров эң алгачкылардан болуп илимий айлампага салганы менен өзгөчөлөнөт. А.Кадыровдун изилдөөлөрүндө Баткен облусунун көп кырдуу аспектиси камтылган. Тарыхый жактан алганда, агай Баткенди Борбордук Азиянын жалпы контекстинде изилдеп, байыркы замандан орто кылымдарга, Совет дооруна жана азыркы учурга чейинки тарыхый этаптарды камтыган. Аймактын элинин турмушу, алардын башка аймактар менен болгон байланыштары жана маанилүү тарыхый окуялардын таасири кеңири талданган. Өзгөчө советтик доордогу өнөр жай жана социалдык инфраструктуранын өнүгүүсүнө, эгемендүүлүктөн кийинки саясий жана социалдык өзгөрүүлөргө өзгөчө көңүл бурулган.
А.Кадыровдун аталган эмгегинде Баткендин климатынын уникалдуулугу анын кооздугу, ар түрдүүлүгү жана анын маданиятынын, салттарын сүрөттөгөн. Эмгектин бир бөлүмүн Баткендин маданий өзгөчөлүктөрү, кол өнөрчүлүгү, салт жана мурастары түзөт. Ал аймактын экономикасын да изилдеп, экономикалык кыйынчылыктарды, сугат суу көйгөйлөрүн жана чек ара маселелерин талдаган.
А.Кадыров Баткендин географиялык жайгашуусунан келип чыккан экономикалык көйгөйлөрдү жана кен байлыктарды иштетүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңири баяндаган. А.Кадыровдун изилдөөлөрүндө Баткен облусунун тарыхый жана маданий мурастары, кен казуу жана металл иштетүү темалары козголгон. Бул болсо туризм тармагына өбөлгө түзүп, туристтерге өткөн доорлордун өндүрүш ыкмалары менен таанышууга шарт берет. Ошондой эле, Баткендеги жүргүзүлгөн археологиялык казуу иштери да туризмди өнүктүрүүгө көмөктөшөт. Анын демилгеси менен Совет доорунан бери (1953-жылдан бери) биринчи ирет Баткенде археологиялык казуулар жүргүзүлдү. Бул табылгалар туристтерге да уникалдуу маалымат жана тажрыйба тартуулайт.
А.Кадыровдун “Байманалуу Баткен: тарых жана маданият” аттуу эмгегинде Баткендеги петроглифтерге да кеңири токтолгон. Бул петроглифтер Баткенге келген туристтер үчүн кызыктуу жайлардын бири болуп саналат. А.Кадыровдун Баткен жөнүндөгү изилдөөлөрү жана эмгектери аймактын тарыхы, маданияты, экономикасы, өнөрмандары жана саясий инсандары тууралуу баалуу маалымат булагы болуп эсептелет. Анын чек ара маселелерин изилдеген эмгектери аймактын көйгөйлөрүн терең түшүнүүгө жана чечүү жолдорун табууга багытталган. А.Кадыровдун аталган илимий эмгектери Баткен облусунун өзгөчөлүктөрүн таанып-билүү үчүн баа жеткис булак болуп калат деп ишенебиз.