9-декабрь — Коррупцияга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүнө карата Баткен мамлекеттик университетинде иш-чара болуп өттү. Ага университеттин ректору Гыязов Айдарбек Токторович, Баткен облусунун прокурорунун орун басары Жолдошев Жаныбек Ашимович жана прокуратура кызматкерлери катышып, коррупцияга каршы күрөшүү боюнча маалымат беришти. Мындан сырткары, студенттер тарабынан даярдалган жемкорлуктун кесепети жөнүндө сахналык көрүнүш коюлду.
Баткен мамлекеттик университетинин маалымат кызматы.