2024-жылдын 11-декабрында Баткен мамлекеттик университетинин Окумуштуулар кеңешинин 2-отуруму өттү. Анда:

  1. БатМУнун кабыл алуу комиссиясынын 2024-2025-окуу жылына карата абитуриенттерди кабыл алуунун отчёту;
  2. Аккредитациядан өткөрүү боюнча даярдыктар;
  3. БатМУнун Билим берүү округунун жана кадрлардын квалификациясын жогорулатуу борборунун 2023-2024-окуу жылындагы аткарган иштери боюнча маалымат;
  4. Конкурстук шайлоо;
  5. Түрдүү маселелер күн тартибине коюлду.

Окумуштуулар кеңешинин отурумунун жыйынтыгында күн тартибине коюлган маселелер талкууланып, тиешелүү чечимдер кабыл алынды.

Мындан сырткары, Кунназаров Айбек Ысмайылович 08.00.05 – Тармактык экономика адистиги боюнча “Кыргыз Республикасында жаратылышты пайдалануунун натыйжалуулугун жана туруктуулугун жогорулатуу” темасындагы диссертациялык иши кыргыз тилинде жазылып, КРнын УАКтын Президиуму тарабынан бекитилди. Ошондой эле Калмурзаева Анипа Ташбаевна – Физика-математика илимдеринин кандидаты адистиги 05.13.16 – применение вычислительной техники, математического моделирования и математических методов в научных исследованиях багытында окумуштуулук даражасы КРнын УАКтын Президиуму тарабынан бекитилип, ар бирине БатМУнун эсебинен 80 миң сомдон бир жолку сый акылар берилди. Жалпысынан БатМУ боюнча 2024-жылы 5 иш ийгиликтүү корголду.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Интеллектуалдык менчик жана инновациялар агенттигинин алдындагы «Инновациялык борбор» Мамлекеттик мекемеси уюштурган «StartUP Students» сынагында 1-орунду Баткен мамлекеттик университетинин Бизнес-инкубаторунун “Абадан суу” долбоору жеңип, 1000$ каржылоого сертификат алды.

1 профессорлук, 2 доценттик наамды ыйгаруу үчүн Улуттук аттестациялык комиссияга жабык таризде шайлоо болуп өттү. Алар Гыязов Айдарбек Токторовичти профессор наамына, Осмонов Заирбек Осмоновичти жана Толубаев Жоро Осмоновичти доценттик наамга бекитүүгө сунушталды.

Андан сырткары аспиранттардын темаларын Улуттук аттестациялык комиссиясынын реестрине каттоо, айлык акы, сатып алуулардын жол-жоболору каралып, тиешелүү чечимдер кабыл алынды.