Көзөмөлчүлүк кеңешке Баткен мамлекеттик университетинин ректору э.и.д., профессор А.Т.Гыязов бир жылдык ишмердүүлүгү боюнча отчет берди. Өзүнүн отчетунда окуу-иштери, илимдеги ийгиликтер, каржылык аракеттер, эл аралык байланыштар жана 2025-жылга карата милдеттерди айтып өттү.
Ошол эле учурда ректор Көзөмөлчүлүк кеңешке КР Президентинин 2024 жылдын 14-октябрындагы, ПЖ№243 жарлыгына өзгөртүү киргизүү менен БатМУга берилген өзгөчө статус боюнча маалымат берди. Ал жердеги Көзөмөлчүлүк кеңешинин аткара турган иштери жана мүмкүнчүлүктөрү боюнча презентация жасады.
БатМУнун экономика жана контракт иштери боюнча проректору М.Үсөнов сатып алуулар боюнча иштелип чыккан жаңы электрондук платформа жөнүндө айтып, сатып алуулардын жобосу бекитилди.
2024-жылдын жыйынтыгында Көзөмөлчүлүк кеңешке ректордун тапшырмасы менен экономика жана контракт иштери боюнча проректору жана башкы бухгалтерлер 13-айлык маянаны толук өлчөмдө берүү боюнча сунуш менен кайрылды. Жыйынтыгында Көзөмөлчүлүк кеңеш 13-айлык маянаны 100% өлчөмдө берүү чечимин кабыл алды.
2024-жылдагы курулуштар боюнча маалымат берилип, 2025-жылга курула турган обьекттер боюнча милдеттенмелер алынды. Атап айтсак Баткен шаарында курулуп жаткан жатакананы бүтүрүү жана спорт комплексинин курулушу, М.Таиров ат.КГПИнин капиталдык оңдоп түзөөдөн өткөрүү, КЭУТИнин кичи футбол аянтчасынын курулушу Көзөмөлчүлүк кеңеши тарабынан бекитилди.
Жардамга муктаж томолой жетим студенттерге окуу акысынан жардам берүү жагы сунушталып, Көзөмөлчүлүк кеңеш тарабынан колдоо тапты.
Жаңы учур талабына шайкеш адистиктерди ачуу боюнча багыттар талкууланып сунуштар бекитилди. Алардын негизгилер психология, тоо-кен жана айыл-чарба багыттарын ачуу каралды.