Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясына караштуу УТРК Баткен облустук телерадиокомпаниясы, КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү менен биргеликте коомдук, экономикалык, маданий, билим берүү, саламаттыкты сактоо, укук коргоо, коопсуздук, айыл чарба тармактарында эң мыкты жетишкендиктерди таануу менен өзгөчөлөнгөн иштерди баалоо, коомго кеңири көрсөтүү максатында уюштурулган “Алтын өрүк – 2024” сыйлыгынын “Мыкты окутуучу” номинациясынын жеңүүчүсү катары Баткен мамлекеттик университетинин Гуманитардык илимдер кафедрасынын окутуучусу Таиров Кубанычбек Абдилазизович табылды.