УТРК Баткен облустук телерадиокомпаниясынын 20 жылдык мааракеси менен Баткен мамлекеттик университетинин ректору, э.и.д., Гыязов Айдарбек Токторович жана жалпы жамааты куттуктайт.
Урматтуу Сабыралы Абдумомунович!
Баткен мамлекеттик университетинин атынан жана өзүмдүн атымдан сиздерди телерадиокомпаниянын түзүлгөндүгүнүн 20 жылдык мааракеси менен чын жүрөктөн куттуктайбыз!
Жыйырма жылдык ишмердүүлүгүңүздөрдүн ичинде сиздер Баткен облусунун маалымат мейкиндигинин ажырагыс бөлүгүнө айландыңыздар. Сиздердин кесипкөйлүгүңүздөрдүн, чыгармачыл мамилеңиздердин жана ишиңиздерге болгон чын ыкластуулугуңуздардын аркасында биздин жарандар күн сайын объективдүү, өз убагында жана сапаттуу маалыматтарды алып, коомчулук биримдикте жашоого, жаңы ийгиликтерге жетүүгө жана аймагыбыздын маданий мурасын колдоого шыктанып жатышат. Айрыкча билим берүү, илим жана жаштардын демилгелери боюнча темаларга болгон кайдыгер эмес мамилеңиздерди белгилеп кетким келет. Биз сиздер менен болгон кызматташуубузга сыймыктанабыз жана келечекте биргелешкен аракеттерибиз биздин аймакка жана жалпы өлкөгө пайдалуу болоруна терең ишенебиз.
Бул маанилүү күндө сиздерге чын дилибизден мындан аркы ийгиликтерди, өнүгүүнү жана туруктуу өсүүнү каалайбыз.