2025-жылдын 15-январында БатМУнун «Ыйман» окуу-тарбия комплекстеринин арасында «Акыл таймаш» болуп өттү. Окуучулар «Кыргыз тили», «Кыргыз адабияты», «Кыргызстандын тарыхы», «Кыргызстан географиясы», «Манас» эпосу боюнча таймашышты.Калыстар тобунун жыйынтыгынын негизинде «Кызыл-Кыя – Ыйман» окуу-тарбия комплексинин «Билимдүү жаштар» командасы I даражадагы диплом жана 3 000 (үч миң) сом акчалай сыйлык менен, «Баткен – Ыйман» окуу-тарбия комплексинин «Жаш канат – 1» командасы II даражадагы диплом жана 2 000 (эки миң) сом акчалай сыйлык менен, «Сүлүктү – Ыйман» окуу-тарбия комплексинин «Жаш канат -2» командасы III даражадагы диплом жана 1 000 (миң) сом акчалай сыйлык менен сыйланышып, алардын ичинен эң мыкты окуучуларга Бишкек шаарында 2025-жылдын 28-мартында УТРК менен биргеликте өткөрүлө турган «Акыл таймашка» жолдомо берилди.
.