Баткен мамлекеттик университетинде 2025-жылдын 15-январында Илим, мамлекеттик тил жана уюштуруу иштери боюнча проректору п.и.к., профессор М.Д. Айдарованын жетекчилигинде “SCOPUSка макала жазуу жана жарыялоо” – аттуу илимий семинар болуп өттү.
Ал илимий семинарда SCOPUS басылмасына берилүүчү макаланын түзүлүшү, макалага коюлган негизги талаптар, адабияттар жана шилтемелер менен иштөө, ишенимдүү журналдарды табуу ж.б. боюнча кеңири маалымат берилди. Тренерлр Шербол Жапаралиев жана Нурсултан Абдимиталип уулу тарабынан SCOPUS басылмасына берилүүчү макалаларга коюлуучу талаптардын аткарылышы этаптары менен кеңири түшүндүрүлдү.
Айта кетсек, Баткен мамлекеттик университетине өзгөчө статус берүү менен бирге анын рейтингин эл аралык деңгээлге көтөрүү милдети жүктөлгөн. Бул маселе илимий багыттагы иштерди жандандыруу жана системалуу иштерди жүргүзүп, окуу жайдын рейтингин көтөрүү менен түздөн-түз байланышта экендиги белгилүү. Андыктан эл аралык деңгээлдеги Scholar.google.com, Elibrary.ru сайттары менен иштөө жана SCOPUS, РИНЦ, Web of Science илимий басылмаларына илимий макалаларды жарыялоо университеттин окуу түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилерине милдеттендирилди. Семинардын жыйынтыгында катышуучуларга сертификаттар тапшырылды.