2025-жылдын 23-январында саат 10-00 Баткен мамлекеттик университетинин Магистратура жана аспирантура бөлүмүнүн Илимий педагогикалык дисциплиналар кафедрасынын кезектеги отруму болуп өттү. Отурумду кафедра башчысы ф.-м.и.к., Ж.О.Толубаев өткөрдү. Күн тартибинде төмөнкү маселелер каралды: 2024-2025-окуу жылында кафедра мүчөлөрү тарабынан аткарылган окуу, окуу-усулдук, илимий-изилдөө, уюштуруу-усулдук жана тарбиялык иштери боюнча отчетторду талкулоо жана кабыл алуу; 2024-2025-окуу жылында кабыл алынган магистранттардын Магистрдик диссертациялык иштери боюнча маалымат берүү; 2024-2025-окуу жылында кафедрада өтүлүүчү илимий семинарларды жана илимий конференцияны өткөрүү боюнча; 2024-2025-окуу жылында кабыл алынган магистранттардын Магистрдик илимий-изилдөө иштеринин планын бекитүү; Корруциялык тобкелдиктердин алдын алуу жана каршы күрөшүү боюнча. Ар түрдүү маселелер.Кафедра мүчөлөрү өз ой-пикрлерин жана сунуштарын айтышып тийешелүү чечимдер кабыл алынды. Мындан сырткары Баткен мамлекеттик университетинин Магистратура жана аспирантура бөлүмүнүн Илимий педагогикалык дисцплиналар кафедрасы тарабынан магистранттар үчүн Магистрдик илимий-изилдөө иштеринин планын бекитүү боюнча семинар да өткөрүлдү.Семинарда магистранттардын магистрдик диссертацияларына коюлуучу талаптар, илимий-изилдөө ишти жүргүзүү жана илимий макалаларды жазуу боюнча кафедра мүчөсү ф.-м.и.д., профессор М.М.Тайиров тарабына жана калган кафедра мүчөлөрү тарбынан да толук маалыматтар берилди.


