Урматтуу фермерлер, илимпоздор жана агрономдор!Баткен облусунун негизги багыты болгон айыл-чарба сына илимий көз караш менен мамиле жасоо жана “Университет 4.0” моделин ишке ашыруу үчүн сиздерди уникалдуу мастер-класска чакырабыз.

📌 Тема: Айыл чарбанын натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн автоматташтырылган гидропоника системаларын ишке киргизүү.

📌 Күнү: 2025-жылдын 28-январы

📌 Убактысы: 10:00

📌 Жайы: БатМУнун башкы имараты, Баткен ш., И.Жусупов көч. 11.

👩‍🏫 Тренер:Попкова Елена ГеннадьевнаРоссия Федерациясынын илим жана жогорку технологиялардын ардактуу кызматкери;

Баткен мамлекеттик университетинин ардактуу профессору;

Ош мамлекеттик университетинин ардактуу профессору;

Scopus рейтингинде Россия Федерациясында эң көп цитаталанган окумуштуулардын Топ-2%на кирген (2019–2022-жж.).

🛠 Сизди эмне күтөт:Заманбап технологиялар, илимий мамиле жана аймактын айыл чарбасын туруктуу өнүктүрүүгө багытталган практикалык чечимдер.

📧 Кошумча маалымат алуу үчүн:📞 Байланыш номери: +996 (507) 576868

💡 Мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбаңыз! Алдыңкы технологияларды өздөштүрүп, аймактын өнүгүүсүнө салым кошуңуз!