“БУУ Аялдар” уюмунун жана “Роза Отунбаеванын демилгеси” фондунун өкүлдөрү БатМУда жолугушуу өткөрүштү
Бүгүн 29-январда Баткен мамлекеттик университетинде «БУУ Аялдар» түзүмүнүн Кыргызстандагы жетекчиси Сайед Садик жана «Роза Отунбаеванын демилгеси» фондунун өкүлү студенттер менен жолугушту. Иш-чарада студент кыздарга аялдардын укуктары, гендердик теңчилик жана лидерлик мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берилди. Ошондой эле, катышуучулар аялдардын коомдогу ролу, билим алуунун маанилүүлүгү жана гендердик зомбулукту алдын алуу боюнча талкуу жүргүзүштү.
Жолугушуудан кийин коноктор БатМУнун ректору Айдарбек Гыязов менен сүйлөшүп, билим берүү жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүү, аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.