Россия Федерациясынын илим жана жогорку технологиялардын ардактуу кызматкери, Баткен мамлекеттик университетинин жана Ош мамлекеттик университетинин ардактуу профессору, Scopus рейтингинде Россия Федерациясында эң көп цитаталанган окумуштуулардын Топ-2ге кирген (2019–2022-жж.) Попкова Елена Геннадьевнанын тренерлиги астында 2025-жылдын 28-январында Баткен мамлекеттик университетинин башкы мекемесинде Дүйнөлүк илимге интеграция: журналдар жана базалар – аталышында тренинг өткөрүлдү. Ага БатМУнун ректору, э.,и.,д,профессор, Айдарбек Гыязов баш болгон окумуштуулар жана окутуучулар катышты.Тренингде эл аралык илимий базалар жана журналдар менен иштөө боюнча кеңири маалыматтар жана катышуучулардын кызыккан суроолоруна жооптор берилди.Соңунда катышуучуларга сертификаттар тапшырылды.