2025-жылдын 28-январында БатМУнун башкы мекемесинде “Гидропониканы санариптештирүү” мастер классы өткөрүлдү. Ага жергиликтүү фермерлер, агрономдор, жеке ишкерлер жана университеттин окутуучулары, студенттери катышты. Айыл чарбанын натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн автоматташтырылган гидропоника системаларын ишке киргизүү темасындагы мастер классты Россия Федерациясынын илим жана жогорку технологиялардын ардактуу кызматкери,Баткен мамлекеттик университетинин жана Ош мамлекеттик университетинин ардактуу профессору, Scopus рейтингинде Россия Федерациясында эң көп цитаталанган окумуштуулардын Топ-2ге кирген (2019–2022-жж.) Попкова Елена Геннадьевна тренер катары чакырылган.Катышуучулар Заманбап технологиялар, илимий мамиле жана аймактын айыл чарбасын туруктуу өнүктүрүүгө багытталган практикалык чечимдер боюнча маалымат алышып, кызыккан суроолоруна жооптор берилди.Мастер класс Баткен облусунун негизги багыты болгон айыл-чарбасына илимий көз караш менен мамиле жасоо жана “Университет 4.0” моделин ишке ашыруу үчүн өткөрүлдү.