БатМУнун башкы мекемесинде 23-февраль Ата Мекенди коргоочулардын эл аралык күнүнө карата “БатМУ мырзасы-2025” жигиттер сынагы өткөрүлдү. Ага университеттин окуу түзүмдүк бөлүмдөрүнөн жалпы 8 студент катышып, күч сынашты.
Сынак 4 тур менен өткөрүлүп, катышуучулардын аткаруучулук чеберчиликтери, билими, таланты жана физикалык күчү сыналды.
Иш-чаранын максаты
• БатМУнун студент – жигиттери арасынан мыкты мырзаны тандап алуу;
• Жалпы студенттерге жигиттердин мыкты үлгүлөрүн көрсөтүү;
• Студент – жигиттердин интеллектуалдык жана маданий деңгээлин көтөрүү;
• Студенттерге маданий эс алууну уюштуруу;
• Студенттердин эстетикалык табитин арттыруу;
• Студенттердин сергек жана активдүү жашоо образын чагылдыруу;
• Студенттердин ынтымагын, достугун чыңдоо. Таланттуу студенттерди табуу жана алардын жөндөм-шыктарын өстүрүү Студенттерди мекенди сүйүүгө тарбиялоо экенин уюштуруу тобу билдирди.
Сынактын жыйынтыгында Нусуратулла Набиев “БатМУ мырзасы- 2025” наамынын жеңүүчүсү болду. Ага Ташкент шаарына жолдомо жана сыйлуу белек берилди.