27-февралда Баткен мамлекеттик университетинин башкы мекемесинде заманбап Кыргыз мамлекетинин өнүгүүсүнө, Эл аралык эне тил күнүнүн 25 жылдыгына жана Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына арналган “Глобалдык чакырыктар жана билим берүүнүн технологиясы” аттуу аймактык илимий-практикалык конференция болуп өттү.
Конференциянын ачылышында БатМУнун ректору, э.и.д., профессор Гыязов Айдарбек Токторович жана Илим, мамлекеттик тил жана уюштуруу иштери боюнча проректору, п.и.к., проф. Айдарова Мисилимкан Довлатовна сөз сүйлөп, илимий иш-чаранын маанисин баса белгилеп, катышуучуларга ийгилик каалашты.
Конференция пленардык жыйында жана секциялык иштерде илимий баяндамалардын сунушталышы менен уланды. Иш-чаранын жыйынтыгында атайын резолюция кабыл алынып, илимий ишмердүүлүктү өнүктүрүүгө багытталган сунуштар айтылды.
Конференцияга активдүү катышкан студенттер диплом жана сертификаттар менен сыйланышты. Иш-чара илимге кызыккан жаштарды колдоо жана билим берүүнүн заманбап технологияларын талкуулоо аянтчасы болду.