12-март күнү Кыргыз-Жапан институтунун директору Такахара мырза менен Баткен мамлекеттик университетинин ректору, э.и.д., профессор А.Т.Гыязовдун жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушууда БатМУнун базасында Жапан борборун ачуунун кеңири концепциясы талкууланды. Борборду 2025-жылдын июнь айына ачуу мерчемделди. Бул борбордо бир гана жапан тилин үйрөнбөстөн, Жапан маданиятын, технологиясын жана жетишкендиктерин үйрөнүү борбору болмокчу. Ошону менен бирге Жапанда студенттердин практика өтүүсү, жумушка жайгаштыруу жана окууга шарт түзгөн аянтчага айланат.
Тараптар Жапан борбору ачыла турган имаратты жеринде көрүп, иштердин графиги мерчемделди.