5-мартта Баткен мамлекеттик университетинин (БатМУ) мугалимдери жана студенттери ак калпак күнү жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Туу күнүнө карата жөө жүрүш уюштурушту. Иш-чара улуттук баалуулуктарды даңазалоо, патриоттуулукту бекемдөө жана жаштардын мекенчил духун көтөрүү максатында өткөрүлдү.
Жөө жүрүшкө студенттер жана окутуучулар катышып, алар ак калпак кийип, кыргыз тууларын желбиретип, шаардын борбордук көчөлөрүн кыдырып өтүштү. Катышуучулар кыргыз элинин символдору болгон ак-калпактын жана мамлекеттик туунун мааниси тууралуу ураандарды чакырып, мекенге болгон сүйүүсүн көрсөтүштү.
Жөө жүрүш шаардын борбордук аянтында жыйынтыкталып, ал жерде концерттик программа жана патриоттук ырлардын аткарылышы менен коштолду. БатМУнун жамааты мындай саамалыктарды мындан ары да уюштуруп, улуттук нарк-насилдерди сактоого өз салымын кошо берерин белгиледи.