Баткен мамлекеттик университетинин Аспирантура жана магистратура бөлүмү тарабынан “Заманбап чакырыктардын шартында илим менен билимдин актуалдуу көйгөйлөрү жана билим берүүдөгү инновациялык технологиялар” аттуу аймактык илимий-практикалык конференция ийгиликтүү өткөрүлдү. Иш-чара Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө, Түштүк-Батыш чөлкөмүндөгү илимий-изилдөөлөргө кошкон салымды даңазалоо жана Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына арналды.
Конференциянын негизги максаты – магистранттарга, аспиранттарга жана жаш окутуучуларга илимий-изилдөө иштерине активдүү тартылууга түрткү берүү, ошондой эле алардын мекенди ар тараптан изилдөөгө болгон кызыгуусун арттыруу болду.
Иш-чаранын жүрүшүндө:
илимий-изилдөө ишмердүүлүгүн жайылтуу;
жаш илимпоздордун көз караштарын тереңдетүү;
билим берүүдө колдонулуучу заманбап инновациялык технологиялар боюнча пикир алмашуу;
практикалык тажрыйбалар менен бөлүшүү үчүн аянтча түзүү максаттары ишке ашырылды.
Конференция пленардык жыйындар менен ачылып, андан соң секциялык иштерге өтүп, ар түрдүү тармактардагы актуалдуу маселелер кеңири талкууланды. Катышуучулар өз баяндамаларын сунуштап, илимий темалар боюнча активдүү дискуссияларга катышышты.
Иш-чара соңунда атайын резолюциялар кабыл алынып, илимий коомчулуктун келечектеги иш-аракеттерине багыт берилди.