7-апрелде Баткен Мамлекеттик Университетинде “24-март Элдик революция күнүнүн” 20 жылдыгына, “7-апрель Элдик апрель революциясынын” 15 жылдыгына карата “Элдик революциянын саясий сабактары жана тарыхый таасирлери” – аттуу илимий-практикалык конференция болуп өттү.
Илимий-практикалык конференциянын максаты – 24-март жана 7-апрель революциясынын тарыхый маанисин, анын саясий, социалдык жана экономикалык процесстерге тийгизген таасирин талдоо, ошондой эле, анын азыркы коомго тийгизген узак мөөнөттүү таасирин талкуулоо болду.
Конференцияга КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаков, облустук мекеме ишканалардын жетекчилери, БатМУнун эмгек жамааты жана студенттер катышты.
Конференциянын пленардык жыйынында 2 доклад окулду. Баткен Мамлекеттик Университетинин ректору, э.и.д., профессор А.Т. Гыязовдун “Кыргызстандын саясий жаңылануу жолундагы элдик көтөрүлүштөр: себептер жана келечек перспективалары” аталышындагы баяндамасы.
Ошондой эле тарых илимдеринин кандидаты, доцент Ш.Б.Шеров, “2005-2010-жылдардагы түстүү революциялар, эгемендүү Кыргызстандын коомдук саясий турмушундагы трансформациялык жараяндын башаты” аталышында баяндама жасады.
Конференция секциялык иштерде улантылып 10дон ашуун макалалар окулду.
Конференциянын соңунда 24-март жана 7-апрель окуяларында курман болгон мекендештердин арбайына багышталып куран окулду.