25-мартта Баткен шаарында “Жаңы муун – жаркын келечек, таза муун – коопсуз келечек” аттуу облустук деңгээлдеги форум болуп өттү. Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “2022-2028-жылдарга карата укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын концепциясынын” жана 2023-жылдын 4-декабрында кабыл алынган Улуттук пландын негизинде уюштурулган.
Форумдун башкы максаты – жаш муунга туура багыт берүү, тарбиялоо жана алардын билимин өнүктүрүүгө өбөлгө түзүү. Ошондой эле, жаштарды өз мүмкүнчүлүктөрүн ачууга шыктандыруу, ийгиликтүү инсандар менен жолугушууга шарт түзүү жана алардын насаатынан сабак алуу болду.
Иш-чарада Баткен мамлекеттик университетинин (БатМУ) эл аралык байланыштар жана инновация боюнча проректору Жумабек Абдипатта уулу, КГПИнин дене-тарбия окутуучусу Дилдора Рахманова жана Ыйман мектебинин дене-тарбия мугалими Акжол Сулайманбек уулу катышып, өздөрүнүн ийгилик жолу менен бөлүшүштү. Ошондой эле, Ыйман мектебинин окуучулары да активдүү катышты.
Форумдун жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан эмгеги жогору бааланган БатМУнун өкүлдөрү сыйлыктарга ээ болушту. Дилдора Рахманова КР ИИМдин Ардак грамотасы менен сыйланса, Жумабек Абдипатта уулу жана Акжол Сулайманбек уулу “Колдоо көрсөткөндүгү үчүн” медалына татыктуу болушту.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов, Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Улан Жукенов, ошондой эле облус аймагындагы 500гө жакын мектеп окуучулары катышты.
Бул форум жаштарга багыт берүү, аларды шыктандыруу жана келечекке ишеним арттыруу максатында уюштурулуп, анын алкагында маанилүү маалыматтар жана пайдалуу кеңештер берилди. БатМУнун мугалимдеринин ийгиликтери, алардын жасаган эмгектери өлкөнүн келечек муундары үчүн өрнөк болоору айтылды.