2025-жылдын 15-апрелинде Бишкек шаарында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин мамлекеттик тил бөлүмү тарабынан уюштурулган жогорку окуу жайлар аралык мамлекеттик тил боюнча студенттик олимпиаданын финалдык туру өттү.
Анда республика боюнча тандалган 24 окуу жайдын өкүлдөрү күч сынашты. Баткен мамлекеттик университетинен (БатМУ) М.М. Тайиров атындагы КГПИнин англис тили багытынын 1-курсунун студенти Эргешова Элеонора мыкты жыйынтык көрсөтүп, байгелүү 2-орунду багындырды. Аны олимпиадага гуманитардык факультеттин кыргыз тили жана тарых кафедрасынын окутуучусу Атабекова Бактыгул Яхияевна даярдаган.
Ошондой эле Набиев Нусратилла, Тахмина Хайдарова жана Баатыр Шараповдор финалга чейин жетип, активдүү катышуучулар болушту.
Жеңүүчүлөр диплом, баалуу белектер жана китептер менен сыйланышты. Даярдаган окутуучуларга ыраазычылык каттар тапшырылды.