3-апрель Баткен мамлекеттик университети Б.Б.Городовиков ат. Калмык мамлекеттик университетинин өкүлдөрүн кабыл алды:

  1. Эл аралык кызматташтык башкармалыгынын башчысы – Хундайи Ансельм Нунаньон Харольд;
  2. Эл аралык студенттерди тартуу жана кабыл алуу бөлүмүнүн башчысы -Адьяева Заяна Саналовна
    Алар Баткен облусунун мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн арасында олимпиада өткөрүштү. Жеңүүчүлөр аталган окуу жайдан бюджеттик орундарга ээ болушат.
    Эртең ушундай эле олимпиада Кызыл-Кыя шаарында БатМУ КГПИнин базасында өткөрүлөт.
    🎉 БатМУнун ректору, экономика илимдеринин доктору, профессор Айдарбек Токторович Гыязовдун аракети менен Баткен облусуна 30 бюджеттик орун бөлүнүп берилди — бул биздин жаштар үчүн чоң мүмкүнчүлүк!
    🤝 БатМУ менен КалмМУнун ортосунда эки тараптуу кызматташтык тууралуу меморандум бар жана бүгүн бул кызматташтык реалдуу кадамдар менен бекемделди.
    Коноктор БатМУ жана КалмМУ биргелешип ишке ашырып жаткан кайра адистешүү программасына кызыккан жарандар менен да жолукту. Бул программа аркылуу болгону 1 жыл ичинде төмөнкүдөй кесиптерге ээ болууга болот:
    📘 логопед
    📗 дефектолог мугалим
    📕 психолог
    📙 физика жана информатика мугалими жана башкалар.
    КалмМУ өкүлдөрү программанын мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кеңири маалымат берип, катышуучулардын бардык суроолоруна жооп беришти. Бул — аймагыбыз үчүн абдан маанилүү долбоор, жергиликтүү адистердин өсүшүнө жана сапаттуу билим алууга чоң салым кошот.
    Андан сырткары БатМУ КалмМУ менен бакалавр багытында 2+2, магистратурада 1+1 программасында кош дипломдуулук келишим түзгөн.
    Ошондой эле багыттарда, кош дипломдуулук жана кошумча билим берүү жаатында БатМУ РФнын М.Акмулла ат. Башкыр мамлекеттик педагогикалык университети, К.Минин ат.Нижегород мамлекеттик педагогикалык университеттери менен тыгыз иштешүүдө.