2025-жылдын 31-мартында М.М.Тайиров атындагы КГПИде Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталардын эрдиктерин түбөлүккө калтырууга (А.Сыдыков, И.Айдарбеков, Ж.Абдрахманов, А.Орозбеков, И.Арабаев) жана Улуу жеңиштин 80 жылдыгына арналган “СТУДЕНТ ЖАНА ААЛАМДАШУУ ЖАРАЯНЫ” аттуу илимий-практикалык конференция болуп өттү.
Илимий иш-чара Баткен мамлекеттик университетинин структуралык бөлүмдөрүндөгү студенттерди илимий-изилдөө иштерин активдештирүү, алардын илимий көз караштарын өстүрүү аркылуу бири-бири менен байланыштарын чыңдоо максаттырнад уюштурулуп, ага БатМУнун структуралык-бөлүмдөрүнүн студенттеринен табигый илимдердин актуалдуу маселелери; физика-математика илимдеринин заманбап маселелери; педагогика, психология жана билим берүүнүн технологиялары; гуманитардык илимдер багытындагы 90го жакын макала келип түштү.
Конференциянын ачылышында БатМУнун М.М.Тайиров ат. КГПИнин директорунун окуу жана илимий иштер боюнча орун басары, б.и.к., доцент А.А.Абдйибаитова модераторлук кылып, иш-чараны окуу жайдын директору, т.и.к., доцентА.Т. Бердиев ачты. Сөзгө чыккандар куттуктоо сөздөрүн жана илим изилдөө боюнча студенттерге баалуу кеңештерин айтышты.
Пленардык жыйындан соң, секциялык иштерде макалалар окулуп, конференциянын аягында активдүү катышкан студенттерге дипломдор ыйгарылды. Ошону менен катар иш-чаранын резолюциясы кабыл алынды.