Баткен мамлекеттик университети менен И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети АйТи адистерин биргеликте даярдайт!
“BATKEN 4.0” хакатонунун алкагында БатМУнун ректору Айдарбек Гыязов жана КМТУнун ректору Мирлан Чыныбаев кызматташтык тууралуу меморандумга кол коюшту.
Бул келишимдин маалыматтык технологиялар багытындагы адистерди биргеликте 2+2 программасында даярдап чыгаруу макулдашылды. Биринчи 2 жылды Баткен мамлекеттик университетинде окуп, калганын И.Раззаков ат.КМТУда окушат. Жыйынтыгында 2 окуу жайдын дипломуна ээ болушат.
Эми Баткендик жаштарга IT билимге жол дагы да кеңейет!