21-25-апрель күндөрү Баткен мамлекеттик университетинде кафедралар аралык илимий жана чыгармачыл жумалык болуп өттүдө. Бул жума ичинде окутуучулар менен студенттер ар тараптуу иш-чараларга катышып, билим менен тажрыйбаларын байытышат.
Жумалыктын алкагында бир катар маанилүү иш-чаралар өткөрүлдү:
“Сөз окутат, мисал жетелейт” аттуу ачык сабактар күнү өткөрүлүп, заманбап педагогикалык ыкмалар көрсөтүлдү;
“Билим бар жерде аалам жарык болот” деген ураан менен акыл таймаш уюштурулуп, студенттердин логикалык жана аналитикалык ой жүгүртүүсү сыноодон өттү;
“Башталгыч класстарда дидактикалык материалдарды колдонунун санариптик ыкмалары” боюнча семинарда мугалимдер жаңы технологияларды колдонуу боюнча баалуу тажрыйба алышты;
“Педагогикалык дебют” кароо-сынагы жаш адистерге өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүүгө шарт түздү;
Иш-чараларга жигердүү катышып жаткан бардык студенттерге, окутуучуларга жана уюштуруучуларга терең ыраазычылык билдиребиз!