Баткен мамлекеттик университетинин Борборлоштурулган китепканасында 17-апрелден 23-апрелге чейинки аралыкта 23-апрель “Дүйнөлүк китеп жана автордук укук” күнүнө карата “Окурман жана автор: укук, урмат, өнүгүү” жумалыгы болуп өттү.
Жумалыкта:
17-апрель күнү иш чаранын ачылуусу жана «Китептин маанисин жана ролун коомдо көтөрүү» аталышындагы студенттер арасында конференция болуп өттү;
18-апрель күнү “Студенттердин суроосуна сынбайсызбы” эркин баарлашуу, экономика илимдеринин доктору, профессор А.Т.Гыязов менен студенттердин жолугуушусу болду;
21-апрель күнү “Барактар баяны” Т.Касымбековдун “Сынган кылыч” тарыхый романынын негизинде конкурс болуп жеңүүчүлөр аныкталды;
22-апрель күнү Акыркы 5 жылда университетте китеп жазган авторлор менен жолугушуу болуп, жазган китептердин бет ачары болду;
23-апрель жумалык жыйынтыкталып, Ардак грамоталар, белектер тапшырылды