Баткен мамлекеттик университетинин Табигый, гуманитардык жана педагогикалык факультетинин Педагогикалык билим берүү кафедрасынын 2025-жылдын 21-апрелден 25-апрелге чейин өткөрүлүүчү
“Окумуштуунун тамыры ачуу, жемиши таттуу” – аттуу кафедранын жумалыгы старт алды!
21-апрель “Сөз окутат, мисал жетелейт” – аттуу ачык сабактар күнүндө кафедранын доценти, п.и.к. Эргешали кызы Актилек П-1-24 тайпасынын студенттерине “TRAVELLING TO THE PAST” – деген темада ачык сабагын өтүп, башталгыч класстарда англис тилин окутуу боюнча студенттердин билимин тереңдетип, алардын активдүу катышуусу менен тил үйрөнүү багытында таасирдүү сабак болду. Жаш окумуштуу-педагог кызыбыз Эргешали кызы Актилекке чыгармачылык ийгиликтерди каалайбыз!