2025-жылдын 19-апрель күнү Ош шаарында Кыргыз өзбек эл аралык университетинде XII түштүк аймактык студенттердин олимпиадасы өткөрүлдү. Олимпиаданын ачылуу аземинде Илим, мамлекеттик тил жана уюштуруу иштери боюнча проректору, п.и.к., профессор М.Д. Айдарова студенттерди билим майрамы менен куттуктап, студенттик олимпиаданын өзгөчөлүктөрү, артыкчылыктары, мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө сөз сүйлөп, студенттерге ийгиликтерди каалады. Ал олимпиадага Баткен мамлекеттик университетинин төмөнкү студенттери Илим, мамлекеттик тил жана уюштуруу иштери боюнча проректору, п.и.к., профессор М.Д. Айдарованын жетекчилигинде барып, катышып байгелүү орнударды алып келишти.
- Экология дисциплинасы боюнча 1-орун – Анармаматова Нургузел (предмет)
- География дисциплинасы боюнча 1-орун – Жапарова Зарина (предмет)
- Укук таануу дисциплинасы боюнча 1-орун – Юсупова Камила (предмет)
- Укук таануу дисциплинасы боюнча 2-орун – Каныбек кызы Сабира (предмет)
- Физика дисциплинасы боюнча 2-орун – Кенжеева Айзирек Акылбековна (предмет)
- Англис тил дисциплинасы боюнча 2-орун – Шарафутдинова Шахноза (адистик)
- Математика дисциплинасы боюнча 2-орун – Нажмиддинова Зилола Шухратовна. (предмет)
- Философия дисциплинасы боюнча 2-орун – Камилжонова Нагина (предмет)
- Экономика дисциплинасы боюнча 2-орун – Ташбулатова Айчүрөк (предмет)
- Информатика 3-орун – Аминжонов Г. , Исраилова Р., Исмаилова Р. (командалык топ) (адистик).
Олимпиаданын жыйынтыгында Кыргыз өзбек эл аралык университетинин жетекчилиги XIII түштүк аймактык студенттердин олимпиадасын Баткен мамлекеттик университетинде өткөрүү эстафетасын тапшырды.