2025-жылдын 1-сентябрь күнү Баткен мамлекеттик университетинде “Билим жана жаңы ачылыштар майрамы” аттуу салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү. Иш-чаранын максаты — студенттердин окууга болгон позитивдүү мамилесин калыптандыруу, жаңы билимге болгон кызыгууну ойготуу, патриоттук сезимдерди өнүктүрүү жана окуу жайдын салттарын урматтоого багытталган. Иш-чаранын негизги милдеттери: • Билим күнүнө карата студенттер, ата-энелер жана окутуучулар үчүн майрамдык маанай түзүү; • Кыргыз элинин улуттук баалуулуктарын даңазалоо, билим берүү процессиндеги студенттердин жана окутуучулардын ролун жогорулатуу; • Жамаат менен биринчи курстун студенттерин тааныштырып, окуу жылынын салтанаттуу жана эсте калаарлык башталышын уюштуруу, биримдикти бекемдөө. Иш-чара БатМУнун илим, уюштуруу жана мамлекеттик тил боюнча проректору, п.и.к., профессор М.Д. Айдарова түзгөн иш-пландын алкагында өткөрүлүп, А. Жайнаков атындагы Баткен облустук музыкалык-драма театрынын таланттуу ырчылары өз өнөрлөрүн тартуулашты. Салтанат БатМУнун ректору, э.и.д., профессор А.Т. Гыязовдун куттуктоосу менен ачылып, ал өз сөзүндө жалпы жамаатты жаңы окуу жылынын башталышы менен куттуктап, студенттер үчүн жатакана жакынкы күндөрдө колдонууга берилерин белгиледи. Ушундай эле иш-чара БатМУнун бардык окуу түзүмдүк бөлүмдөрүндө өткөрүлдү. Мындан сырткары, студенттер тарабынан даярдалган чакан концерттик программа көрсөтүлүп, иш-чара “Билим жана максат” аттуу куратордук сааттар менен жыйынтыкталды.